2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү үчүн материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык режимди сактоо маселелери боюнча ыкчам жооп кайтаруу үчүн шаардык ыкчам штаб жана акимиаттардын базасында аймактык колл-борборлор түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз шаардын тегерегиндеги шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, анда бизге тезинен кабарлаңыз!

Шаардык ыкчам штаб: 97-91-95 (1065), 0 (312) 613935
Биринчи май району: 0 (312) 621156;
Ленин району: 0 (312) 656902, 656903;
Октябрь району: 0 (312) 576650;
Свердлов району: 0 (312) 360 120.

Урматтуу кыргызстандыктар! Ошондой эле, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу арызды же даттанууну БШКга 1255 (акысыз чалуу), 0 (312) 66 02 40 WhatsApp 0770 66 02 40 же kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дарегине жазыңыз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!