Бишкек шаарынын командасы "Газпром Кыргызстан" мектебинде он-лайн режиминде өткөн мегаполистердин V Эл аралык олимпиадасында командалык эсепте 3-орунду (коло) алды.

Олимпиада 2020-жылдын 16-19-декабрь аралыгында 4 сабак  боюнча өткөрүлдү - математика, физика, химия, информатика, ага дүйнөнүн ири шаарларында жашаган 14-18 жаштагы балдар катышты.

Окуучулар блиц-турга катышып,  ар бир предмет боюнча англис тилинде 20дан суроого жооп беришкен. Андан кийин практикалык жана теориялык турлар болду. Татаалдыгы  боюнча, Мегаполистер олимпиадасынын тапшырмаларын эл аралык олимпиадалардын тапшырмалары менен салыштырууга болот.

Байгелер төмөндөгүдөй уюштурулган: Абдразхаков Чыңгыз күмүш медалды (физика), Ондрина Надежда- коло (химия), Миклухин Тихон- коло (химия), Цой Михаил -коло (информатика) медалдарды алышты.

Командалык эсепте жеңүүчүлөргө жеке эсепте кубок, диплом жана медалдар тапшырылат.

Эске салсак, Бишкек командасы 2019-2020-окуу жылындагы шаардык жана республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!