COVID-19 өлкөгө жайылган алгачкы күндөрдөн баштап, Бишкекте дарыгерлер шаарды коргоодо турушту. Тез жардам борборунун дарыгерлерине, фельдшерлерине, диспетчерлерине жана айдоочуларына оор жүк түштү, алар эч нерсеге карабастан, адамдардын өмүрү үчүн көзгө көрүнбөгөн душманга каршы күрөштө алдыңкы сапта болуп, ар бир мүнөт сайын өздөрүнүн ден-соолугун жана өмүрүн тобокелге салышты.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "COVID 19 илдетине даярдыкты жана мамилени жогорулатуу үчүн шашылыш жардам" долбоорунун алкагында борбор калаанын тез жардам кызматына алты жаңы тез жардам унаасын тапшырды.

Германияда чыгарылган "Форд Транзит" маркасындагы автоунаалар тез жардам бригадалары үчүн арналып, бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен: бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу, электрокардиографтар, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу чемодандар менен жабдылган.

Учурда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автопаркынын балансында 60 автоунаа бар, анын ичинен 13ү колдонуудан чыгарылууга тийиш, ошондой эле 8 атайын унаа медициналык тез жардам борборуна катталган. Баса, бир күндө орто эсеп менен 32-35 бригада ишке чыгышат.

Белгилесек, "Форд Транзит" автомобилдери Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!