2015-жылдын 15-сентябрнан 15-октябрга чейин калаанын жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын рухий байлыгын, адеп-ахлагын жана улууларды сыйлоого чакыруу максатында карыларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралары уюштурулууда.


№31 мектеп – гимназиясында кайрымдуулук акциясы болуп өттү. 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар өткөрүлгөн акцияга жигердүү катышышты. Мектептин активисттери мектептин аймагында жашаган, Интергельпо көчөсүндөгү үй-интернатта жашаган  карыларга барып, куттукташты.