Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

«Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин директору болуп Дүйшеев Ишенбек Абасканович дайындалды. Анын орун басары Шаршеев Дастан Төлөбалдиевич болду. Ал буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болгон.

Мэрдин милдетин аткаруучунун жардамчысы болуп Погиба Максимилиан Юрьевич дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.