Пандемия учурунда Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын автобус паркынын айдоочулары өз кызматын бардыгы менен бирге жүргүзүштү: тартип сакчылары, дарыгерлер жана эпидемиологдор, куткаруучулар жана аскер кызматкерлери. Борбор калаанын милиция кызматкерлерин, дарыгерлерди унаа менен камсыз кылдык, ошондой эле Манас аэропортунан жаңы келген жарандарды ташып жеткирдик.

2020-жылдын аягында биз автобус паркынын кызматкерлерине жана айдоочуларына жан аябас жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамдуулугу, жарандык милдетине берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирдик.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ыраазычылык каттары менен сыйлангандардын тизмеси бул жерде: список награжденных БПАТП.docx.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия доорунда шаарды колдогондордун бардыгына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет! Чоң рахмат! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!