Бүгүн Ленин райондук администрациясында райондук администрациясынын кызматкерлерине жана райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлерине жарандык коргонуу иш-чараларын абийирдүүлүк менен аткаргандыгы жана Ковид-19 пандемиясы учурунда шаардыктарга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирилди.

Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды акимдин биринчи орун басары Алтынбек Маматов тапшырды.
А.Маматов пандемия учурунда  райондун тургундарын  колдогон ар бир кызматкерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Сыйлангандардын тизмеси бул жерде:  Список награжденных Ленинский район.docx

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр боюнча күнү-түнү муниципалитеттин колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлерине кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана видеолору менен 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Биз ар дайым байланыштабыз! Ленин районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы баракчаларына  жазылыңыздар: adm-leninski@meria.kg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!