Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы борбор калаадагы жүргүнчүлөрдү ташуу (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) ишин уюштурууну, координациялоону жана жол транспорттук инфраструктурасынын абалын көзөмөлдөөнү улантууда.

Шаардык транспорттук кызматтар, пандемияга карабастан 2020-жылга пландаштырылгандай ишин токтоткон жок.

Өткөн жылы 13 транспорттук жана 4 жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак  объектилер курулуп (эки транспорт жана бир жөө жүргүнчү) пайдаланууга берилди. Эки жол кыймылынын жана үч жөө жүргүнчү жол чырактын курулушу жүрүп жатат. Дагы 14 жол чыракты  орнотуу үчүн тендер өткөрүлдү (11 - транспорт, 3 - жөө жүргүнчү) жана бир жол чырактын  долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

2020-жылы  эки автобус каттамы №15, №71  ачылган.

Коомдук транспортто шаардык жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында видеокамералар орнотулган. Автобустардын 95%, троллейбус  жана кичи автобустар 60% видео жаздыргычтар менен жабдылган. 1-июндан баштап шаардык транспорт башкармалыгынын, троллейбус башкармалыгынын  жана автобус паркынын адистери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциясы менен биргеликте күн сайын санитардык эрежелердин  сакталышын текшерип, айдоочулар жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн №134, №150 жана №293  беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдун жалпы суммасы 740 миң сомго жетти.

Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
Бишкек автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!