Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда.

2020-жылы «Бузуулар жөнүндө»  кодекси боюнча 11 миллион 726 миң 500 сом суммасында 1,446 протокол түзүлгөн.

Шаардыктарга жана уюмдарга  «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси  «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу»  боюнча 612 протокол түзүлгөн.

Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн 70-берене "Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу" боюнча 353 протокол, 71-берененин 1-бөлүгүнүн 2-бөлүгүнө ылайык, белгисиз жерлерде тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды өрттөө боюнча  267 протокол, 119-берене  (Жол курулмаларын бузуу боюнча – 67 протокол) жана 119-1-берене  (Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу боюнча – 94 пртокол) жалпысынан 161 протокол түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин жанында тазалыкты сактаңыз, таштандыларды белгисиз жерге таштабаңыз. Сураныч!  Өзүңүзгө жана сүйүктүү шаарыңызга кам көрүңүз!

Мэриянын санитардык-экологиялык күзөт кызматынын  байланышномери: 0 705 564756

Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!