Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташты, шаардык мэрияда социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын жетекчилиги астында шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйыны өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритми боюнча мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн талкууладык.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы санитардык дарыгери К.Кундашев жалпы билим берүү уюмдарынын ишин бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайыктап калыбына келтирүү идеясын колдоду.

Болжол менен  12-январдан 18-январга чейин борбордогу мектептерде мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү пландаштырылган, бул үчүн ҮМБ дарыгерлери мектептин дарыгерлери менен медайымдарына жардамга келишет. COVID-19 клиникалык белгилери  бар тарбиячылар, байланышкан адамдар ПЦР тестирлөөсүнө жөнөтүлөт. Ошол эле учурда, билим берүү мекемелеринин имараттарында дезинфекциялоо жүргүзүлөт, райондук  билим берүү борборлору окуу процессин (тамак-аш, жеке коргонуу каражаттары) камсыз кылуу боюнча даярдык иштерин бүтүрүшөт.

18-январдан баштап мектепке  1, 5, 9 жана 11-класстар барат. Балдар эки нөөмөттө окушат, шахмат түрүндө отургузулат.

Бул режимде мектеп окуучулары 1-февралга чейин окушат, ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы  билим берүү процессине көз салышат.

Эгерде көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат - бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат.

Белгилей кетсек, ар кандай себептерден улам, оффлайн режиминде сабактарга катыша албай калган балдар үчүн онлайн режиминде окууга болот. Бул тажрыйба шаарларда жана өлкөлөрдө кеңири колдонулат, алар билим берүү уюмдарынын ишин акырындык менен кайра ачуу процессинде дагы бар.

Мектептердеги консервацияланган күндүзгү ооруканалар жайгаштырылат, техникалык камсыздоо ҮМБга өткөрүлүп берилет, керебеттер жана башка шаймандар сактоо үчүн тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүлөт.

Бала бакчалар дагы 20-январда ишин улантышат.

Ошондой эле, вице-мэр мектеп окуучуларынын тамактануу сапатын жакшыртуу боюнча ишти уюштурууну тапшырды.