Бүгүн, борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) байкоочулар делегациясы менен жолукту.

Кыргыз Республикасында боло турган президенттик шайлоого жана референдумга даярдыктарды ТМКК башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов, ТМКК башкы катчысынын орун басары Султан Раев, ТМКК катчылыгынын долбоор директору Али Чивилер (Туркия), ТМКК катчылыгынын долбоор директору (Азербайжан) Джейхун Шахвердиев жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин экинчи катчысы  Динчер  Хажыхафызоглу  талкуулашты.

А.Чыныбаева борбор калаадагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) даярдыгы жөнүндө айтып берди. Октябрь районунда -59, Биринчи май районунда -49, Свердлов районунда -58, Ленин районунда -62 участкалык шайлоо комиссиясы даярдалды, 8-январга карата материалдык-техникалык камсыздоонун бардык уюштуруу маселелери чечилди, участкалык шайлоо комиссиялары  даяр.

Мындан тышкары, алар  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин  алкагында ар кандай тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Түрк Кеңеши, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши  азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм. Анын башкы максаты мүчө мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.