Өткөн жылы борбор калаанын мэриясы Швейцариянын BPC компаниясы менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автобустар менен троллейбустарга "Тулпар" электрондук билет сатуу долбоорун ишке ашырган.

2020-жылдын 1-мартында “Тулпар” тутуму толугу менен иштей баштады. Башында COVID-19 пандемиясы менен байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, шаардыктар “Тулпар” карталарын жакшы кабыл алышты.

Ушул убакыт аралыгында карта менен жол жүрүүнүн болжолдуу жалпы саны  3,5 миллион сапарды түздү. Шаардыктар 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты, бишкектиктердин жеңилдетилген категориясы 42 миңден ашуун кызыл карталарды акысыз алышты, ал эми дээрлик 10 миң  мектеп окуучулары  жашыл карталарды алышты.

Www.tulpar-card.kg веб-сайты ачылып, анда накталай эмес эсептешүүлөргө, мектеп карточкасын берүүгө байланыштуу бардык суроолорго жооп алууга болот, ошондой эле шаардыктар менен байланышуу үчүн чалуу борбору,        telegram жана whatsapp  тиркемесинде баарлашуу бөлмөлөрү ачылды, социалдык тармактарда Facebook, Instagram, Twitter, Tiktok  баракчаларында да иш жигердүү жүргүзүлүүдө.

Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, анын жардамы менен сиз балансты көзөмөлдөп, билеттерди сатып алып, виртуалдык карта аркылуу төлөй аласыз жана келечекте транспорттун кыймылын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө болот.

Ошондой эле NFC технологиясы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилген. Эми сиз виртуалдык карта түзүп, NFC иштетилген  Android смартфондору менен жол акысын төлөй аласыз. Долбоорду модернизациялоо боюнча иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Жол жүрүү үчүн накталай эмес төлөмгө өтүңүздөр. Артыкчылыктары айдан ачык: коопсуздук, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң негизгиси, накталай акча менен байланыш жок.

Жүргүнчүлөргө ишеними үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!

Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.