Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиевдин жетекчилигинин алдында Түгөлбай Ата көчөсүн, Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин оңдоо боюнча “Бишкекбашкыархитектура”,   шаардык курулуш, жер жана коммуналдык чарбанын катышуусунда көчмө жыйын болуп өттү.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында,  жолду калыбына келтирүү иштери башталат.

Аким Жер ресурстар башкармалыгына реконструкцияга туш болгон объектилердин келишимин бузууну же объектилерди башка жакка көчүрүүнү карап чыгууну тапшырды.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы курулушка тоскоол болгон объектилерди бузуу жөнүндө билдирүү берет.

"Бишкекжашылчарба" мунципалдык ишканасы көчөлөрдүн ушул бөлүгүндөгү жашыл аянтчаларды инвентаризациядан өткөрүшү керек.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча күнү-түнү муниципалитеттин колл-борборуна 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот, көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182185 номерине жөнөтүңүздөр.

Ошондой эле бардык социалдык тармактарда барбыз. Биз дайыма байланыштабыз!