Шаар өз ишин улантууда. Биринчи май акимиатынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ИИМдин Патрулдук кызматынын адистеринен турган атайын топ, Ала-Тоо борбордук аянтындагы мыйзамсыз объектилерге каршы күрөштү улантууда.

Бул жолу биз 3 электр эсептегичтерин, 9 оюн конструкциясын алып, мыйзамсыз иштеп жаткан 38 соода түйүнүн жок кылдык.
Мындан тышкары, Ж.Жолу проспектиси менен Т.Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз 10 пункт алынып, сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Биринчи май району тарабынан  240 миң сомго  «Бузуулар жөнүндө» кодексине  ылайык 65 протокол түзүлгөн.

Урматтуу шаар тургундары! Мыйзамсыз соода кылууга тыюу салынат. Эрежелерди сактооңуздарды өтүнөбүз!