«Жаштык» борборунда балдар жана өспүрүмдөр үчүн «Жаңы жылдык ниндзя» спорттук оюн иш-чаралар өттү.

Болжол менен 25 кичинекей бишкектиктер тапшырмалардын бир нече этаптардан турган тоскоол тилкелерин өтүштү. Ал жактан балдар өзүнүн күчүн, ылдамдыгын, шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын  көрсөтүштү.  Андай тоскоол тилкесин өтүү оңой эмес,  Анткени сыноолорду эффективдүү жана бат өтүү үчүн  балдар тапкычтыгын жана чыгармачыл оюн көргөзө билиши керек.


Иш-чараны «Жаштык» борбору уюштурду. Спорттук квестти «ЛиУ» салттуу ушу клубунун өкүлдөрү уюштурушту.