Шаар өз ишин улантууда. Шаар тургуну  бизден чыгыш автобекетинин периметри боюнча орнотулган тосмолордун жана объектилердин мыйзамдуулугун текшерип берүү арызы менен кайрылган.

Аталган жерге КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү, "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери барышкан. Комиссиянын текшерүүсүнө автобекеттин жетекчилиги дагы чакырылган.

Автобекеттин администрациясы тарабынан бардык мыйзам бузуулар тез арада четтетилет, "Чыгыш автобекеттери" филиалынын директору К.Кадралиевге тиешелүү сунуштама берилди. Унаа жуучу жай, май алмаштыруучу пункт жана темир конструкциясы (кутуча) уруксатысыз иштеп жаткандыгы аныкталды.

Автобекет республикалык маанидеги архитектуранын, тарыхтын жана маданияттын эстелиги болгондуктан, эски тосмону Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы Реставрациялоо Илимий-Долбоорлоо Институтунун (ИДПИ) уруксаты менен темирге алмаштыруу чечими кабыл алынды.