"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Көп жылдан бери жарык орнотулбаган көчөлөрдө жана аллеяларда жарык орнотууга өзгөчө көңүл бурулууда.

2020-жылы каалабыздын көчөлөрүнө, парктарга, скверлерге, веложолдорго, анын ичинде 31 турак жайга, кубаттуулугу 50, 90, 120, 150 Вт болгон 13227 даана жарыкдиоддуу чырактарды  орноттук.

Иштеп жаткан жарык түйүндөрүндө 1 миң 382 чырак алмаштырылды. 238,2 км өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зым тартылды.

Мындан тышкары, сырткы жарык тармактары, тирөөчтөр калыбына келтирилди, авариялык кырдаалдар жоюлду.

Ишкананын өзүнүн цехинде тышкы жарык берүү үчүн эки миңден ашуун бетон таянычтары, 1800 темир түркүктөр, 10 миңге жакын кронштейндер, 43 жарнак такталары даярдалып орнотулган.

Ошондой эле, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутумун орнотууну ишке ашырды, бул энергияны натыйжалуулугун жогорулатуу көйгөйүн чечүү болуп саналат.

Тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутуму - бул электр энергиясын керектөөнү оптималдаштырууга мүмкүндүк берген жабдуулардын жана программалардын жыйындысы. Тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутуму шаардын борбордук көчөлөрүндөгү 140 тышкы жарык берүүчү панелдерге (СЖБП) орнотулган жана индикаторлор орнотулган, алар иштебей калганда, бузулганда же авария болгондо сигналдарды берет. Тармак параметрлери жөнүндө маалыматтар диспетчердик кызматта жайгашкан экранда көрсөтүлөт.

2021-жылы "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программасына ылайык, 10 миңден ашык жарыкдиоддуу чырактарды орнотуу, 10дон ашык турак-жай конуштарында жаңы тышкы жарык тармактарын куруу пландаштырылууда.

Жарандардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн мектептер менен ооруканалардын жанындагы 150 жөө адамдар өтүүчү жол жарыктандырылат.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгерде сиздин көчөңүздө жарык өчүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу арыз калтырсаңыз болот: 0777 902-115, 0702 805-756 - Эркеайым Бегалиева.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet
Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!