Шаар өз ишин улантууда. Биз ар дайым шаардын күзөтүндөбүз, борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо үчүн муниципалдык кызматтар түндө эле жумушка чыгышкан.

Бүгүн жол тейлөө башкармалыгынын 25 кызматкери 37  атайын техникалар менен сапта турушат: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 кичи трактор "Беларусь", 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 алдынкы жүктөгүч.

Бишкек шаарында  таштандыларды тазалаганга  туруктуу  640ка жакын көчө тазалагыч, 123 жүктөгүч жана  санитардык тазалоо кызматкерлери  бар, жүздөн ашуун адамдан турган топ катуу тиричилик калдыктары тазалашат.

Санитардык тазалоо үчүн 52 атайын техника, таштанды чыгаруу үчүн 47 атайын техника тартылган.

Эртең мененки саат 8:00дө болжол менен 164 тонна техникалык туз сарпталды.

Таза шаар үчүн күрөш жүрүп жатат. Калган аймактарда карды, музду тазалоо, унаа жолдоруна жана тротуарларга туз себүү үчүн шаар мэриясынын WhatsApp номерине: 0554 182 185 же :1840 жана 1850 күнү-түнү чалуу номерлерине кайрылсаңыздар болот.