Шаардык троллейбустар бишкектиктердин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт. Алар күн сайын миңдеген адамдарды ташып, шаардык транспорттун ажырагыс бөлүгү болуп калган.

Бүгүн биздин троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин  майрамы - шаардын троллейбус тутумунун түзүлгөн  күнү, дал ушул күнү, 1951-жылдын 13-январында  биринчи троллейбус каттамы өз ишин баштаган.

Туура 70 жыл мурун айдоочу Николай Тагильцев биринчи жолу жапжаңы MTB-82D троллейбусунун рулуна отуруп, “Фрунзе атындагы темир жол бекети -  Свердлов көчөсү “ (азыр Илимдер академиясынын жанындагы шакек)  маршруту боюнча айдаган.

Троллейбус каттамдарынын ишке киргизилген учурдагы жалпы узундугу 8,4 км. Шаарда 4 гана троллейбус болгон, алар бир жыл иштегенде үч миңден ашуун жаранды ташышкан.

Көчөлөргө биринчи троллейбус линиялары тартылды:
- №1 каттам– Линейная, Советская , Сталин (азыркы Чүй проспектиси) Крупская атындагы балдар үйүнө чейин.
-№2 каттам - темир жол бекети - Ленин проспектиси (азыркы Жибек Жолу проспектиси).
Бүгүнкү күндө Бишкек троллейбус башкармалыгынын балансында 183 троллейбус бар, алар 11 каттамды тейлейт.
- №2 троллейбус каттамы Фрунзе атындагы завод - Аламедин-1 кичи району
-№4 троллейбус каттамы Эт комбинаты-Булгаары заводу;
- №5 троллейбус каттамы Жал кичи району - Чыгыш автобекети;
- №6 троллейбус каттамы 8- кичи району - Батыш автобекети;
- №7 троллейбус каттамы Ак – Өргө  конушу-Тунгуч кичи району;
- №8 троллейбус каттамы Ак – Өргө турак-жай конушу- Чыгыш автобекети;
- № 9 троллейбус каттамы Айыл чарба институту - Аламедин-1 кичи району;
- №10 троллейбус каттамы Асанбай кичи району- Эт комбинаты
- № 11 троллейбус каттамы Асанбай кичи району - Чыгыш автобекети;
- №14 троллейбус каттамы Киркомстром- Жал кичи району;
-№17 троллейбус каттамы Асанбай кичи району- Булгаары заводу/

Ишканада 673 кызматкер иштейт, анын ичинде 25 жылдан ашык иштеген 100дөн ашуун "Эмгек ардагерлери"  бар.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, шаардын троллейбустары 2020-жылы 17 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейледи.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын жалпы жамаатын бүгүнкү маараке  менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Чың ден-соолук, жакшы маанай жана талыкпас  эмгек каалайбыз! Талыкпаган эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз!