Ленин райондук билим берүү борборунда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мамбетсеитова Бүбүажар Бейшебаевна Ленин райондук билим берүү борборунун директору кызматына которулду.

Ленин районунун билим берүү борборунун жамаатына жаңы директорду  аким Чынасыл Чыныбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Бубуажар Бейшебаевна 2014-жылдан бери райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.