Шаар өз ишин улантууда. Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулунун тапшырмасы менен Биринчи май администрациясынын жумушчу тобу "Бугу-Эне-Багыш" конушуна барышты.

Биринчи май районунун башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков конуштун жашоочулары жана шаардык кызматтар менен биргеликте кичи райондун чек ара тилкелери жана электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесин талкуулады.

Электр энергиясы маселеси боюнча Бишкек мэриясынын Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы бир нече варианттарды сунуштап, азыр алар каралууда.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына жаңы конуштун чек ара сызыгын аныктоо боюнча техникалык маселелерди кароо тапшырылды.