Шаар өз ишин улантууда.  Биз борбордун көчөлөрүн жана тротуарларын тазалоо иштерин улантып жатабыз.  Адаттагыдай «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түндө  кар жана таштандылар менен күрөшүүгө чыгышты.

Бүгүн,  37 атайын техника тартылып, жол тейлөө бөлүмүнүн 25 кызматкери линияга чыкты. МАЗ негизиндеги 25 каар тазалоочу унаалар, 4  универсалдуу УКМ унаалары, 4 «Беларус» кичи-трактору, 2 ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаа жана 2 фронталдык жүктөгүч тартылды.

Борбор калааны штаттык режимде 640 көчө шыпыргыч, 123 жүктөгүч, сантазалоонун кызматкерлери жана жүздөн ашык таштанды чыгаруучулар  иштеп жатышат.  Санитардык тазалоого 52 атайын техника, таштандыларды чыгарууга 47 атайын унаалар тартылды.

14-январь күнү 209 тонна техникалык туз коротулду. Белгилей кетсек, шаардык мэрия борбордун көчөлөрүнө жана тротуарларына техникалык тузду гана себет.

Биринчиден, кум шаарды өтө эле булгап салат, андан чаң көтөрүлүп, жолдордо көп кир чогулат.  
Бардыгына белгилүү, абадагы чаң бишкектиктердин ден-соолугуна зыян келтирип, аллергия ооруларына алып келиши мүмкүн.

Мындан мурда кум жана туз менен аралашманы жолдорго сепкенде, бизге шаар тургундарынан аябай көп арыздар түкөн. Дал ушул аралашма  жолдорго кир жана муз кесектерин пайда кылган. Себилген кумга карабастан, майда таштар унаалардын терезесине чачыраган учурлар болгон.

Туз адам үчүн эч зыянын келтирбейт,  биздин кызматкерлер «туздуу» карды заматта эле тазалашат.

Реагент катары техникалык туздун чон популярдуулугун карды жана музду бат жана эффективдуу эриткени менен түшүндүрүлөт. Пропорцияры туура колдонсо айлана-чөйрөгө, элдерге, жолдорго жана унааларга тобокели минималдуу.

Таза шаар үчүн күрөш үзгүлтүксуз уланып жатат. Башка аймактардагы кар, муз тазалоо, жолдорго жана тротуарларга чачылган туздар боюнча  арыздарды шаардык мэриянын WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот: 0554 182 185 же 1840 жана 1850 кыска  номерлерине чалыңыздар.