Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоону улантууда.

Уруксатсыз орнотулган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, «Ала-Тоо» аянтында жыгач стенд жана велосипедди ижарага берүүчү бир жай алынды. Ал эми "Россия" кинотеатрынын жанында күч өлчөгүч ээлери тарабынан алынып салынды.

Эмен сейил багындагы уруксат берилбеген күркө дагы түрттүрүлдү.

Бүгүнкү күндө Ч.Айтматов проспектисиндеги Жибек-Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки тротуарда жайгашкан мыйзамсыз орнотулган жарнак мамыларын демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлүп,  42 жарнак конструкциясы  айып жайга жеткирилди.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды суранабыз. 

Мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилерди көрсөңүздөр, 0777147493 номерине чалыңыздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg