Кутман күнүңүздөр менен, урматтуу шаардыктар! Жаңы 2021-жылды  жакшы тостуңуздар деп  ойлойбуз!

Бүгүн биз борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын демонтаж кыла баштадык. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биринчилерден болуп, оюнчуктарды жана башка жасалгаларды алып жатабыз, андан кийин балатынын  өзү "Тазалык" муниципалдык ишканасы  тарабынан алынат.

Эки күн мурун «Ала-Тоо»  аянтындагы жаңы жылдык жасалгалар  жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын,  Ак үйдүн имаратынын жанына орнотулган балатылар алынды.

Конструкцияларды бөлүктөргө бөлүп, кампаларга кылдаттык менен сактап коебуз.

Эске салсак, быйыл COVID-19 пандемиясынын кесепетинен биз эски жасалгаларды  колдондук, анын көпчүлүгү былтыр  өзүбүздүн цехте жасалып, Жаңы жылдык майрамдардан кийин биз аларды сактап койгонбуз.