Шаар өз ишин улантууда. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбордун вице-мэрлери менен биргеликте шаарды текшерүүдө.

Биз Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги шаардыктарга жөө адамдар өтүүчү зона үчүн пландаштырылып жаткан аймакты текшердик.

Бишкек шаарынын түштүк аймагын деталдуу пландаштыруу долбооруна ылайык, бул жер шаардык бульвардын аймагына кирет, Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабында, фонтан жана декоративдүү ландшафт элементтери менен ачык аянтча түрүндө киребериш, ошондой эле чоңдор  жана балдар үчүн аянтчалар каралган. Бульвар тыгын көп жүргөн жолго жанаша жайгашкандыктан, балдар аянтчалары бульвардын алыскы бөлүгүндө жайгаштырылат.

Белгилей кетсек, бульвардын бүткүл схемасы учурдагы инженердик тармактарды эске алуу менен чечилген, бульвардын бөлүгүнүн чектерин изилдөө схемасы боюнча участоктун аянты 26,69 га, жашылдандыруу аянты 18,95 га түзөт.

Ошондой эле, мэрдин милдетин аткаруучу Ак-Өргө конушундагы Ашар көчөсүндө сейил бактын аймагын уюштуруу маселесин карады.

1,6 гектар аянттагы бул жер тилкеси окуу борбору жана медресеси бар мечитти долбоорлоо жана куруу үчүн "Ахадият" коомдук диний фондусуна убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок, ижарачылар келишимдин шарттарын аткарган эмес, соттун чечими менен келишим бузулган.

Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, бул аймак шаардык коомдук борборлор жана көп кабаттуу турак жай жана коомдук имараттар деп аныкталган. Бирок, текшерүү учурунда Б.Түлөбаев “Бишкекбашкыархитектура” МИне шаар куруу кеңешинде жарандар үчүн парк аймагын уюштуруу маселесин кароону тапшырды.

Ошондой эле, муниципалдык базарды уюштуруу үчүн Ош базарынын аймагын дагы текшерип чыктык. Кулиев көчөсү - Павлов көчөсүндөгү 0,953 га аянтты ээлеген бул участок  унаа токтоочу жайы бар соода комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн "Берекет" ЖАКна берилген.

Келишимге ылайык, ижарага алуучу жер участогун белгиленген ченемдик мөөнөттөрдө өздөштүрүүгө милдеттүү, бирок 2 жылдан ашпоого тийиш. Бирок, жер тилкесин алган учурдан тартып ушул убакка чейин "Берекет" ЖАК  берилген жер тилкесинде унаа токтоочу жайы бар соода комплексин курууга байланыштуу токтомдун талаптарын аткарган жок, ошол эле учурда көрсөтүлгөн жер тилкеси максаттуу пайдаланылбай жатат (соода контейнерлери жайгаштырылган).

Ушуга байланыштуу  мэриянын жер ресурстар башкармалыгы "Кадастр" ММ БФга ижарачынын белгиленген тартипте жер участогун пайдалануу укугун токтотуу жөнүндө кат жөнөттү.

"Бишкекбашкыархитектура" МИси буга чейин жумушчу долбоорун иштеп чыккан, анда базардын ижарачылар-ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен муниципалдык базар уюштуруу пландаштырылган.