Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бүгүн, эртең менен мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукционун баштады.

34 объект электрондук соода аянтчасына (https://etp.okmot.kg/)  жайгаштырылды, бул төлөө терминалдары, төлөмдөрдү кабыл алуу пунктары, кичи футбол талаалары жана башкалар үчүн анча чоң эмес аянтчалар.

Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өткөрүлө турган аукционго катышууга чакырабыз. Сиздер мүлктү коррупциялык тобокелчиликсиз жана тааныштарсыз толугу менен ижарага ала аласыздар.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бүт иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Муниципалдык мүлк башкармалыгы алгачкы  электрондук соода аянтчасын  өткөн жылдын сентябрь айында баштаган.

Аукциондун объектилеринин акыркы  тизмеси список объектов на аукцион окончательный (1).docx