"Бишкекжарык" муниципалдык  ишканасынын адистери "Ынтымак-2" жаңы сейил багында этникалык стилдеги жаңы арт-объекти даярдап жатышат.

Азыр көп фигуралуу барельеф жаралуу процессинде. Бул дубал панели амфитеатр үчүн гипстен жасалган.

Адистер буга чейин театрдын отургучтары үчүн темир конструкцияларды отнотушту.  "Боз үй" темир инсталляциясын табигый таштар менен каптоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, биз өзүбүздүн цехте чыгарылган 150 сырткы жарык берүүчү түркүктөрдү жана сары жарык менен жакшы жарык берген 170 даана чырактарды  орноттук.

Фонтандын үстүндө иштер жүрүп жатат, улуттук музыкалык инструмент комуз түрүндө беш метрлик темир конструкциясын жасалууда, аны  жакында паркка орнотобуз.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгерде сиздин көчөңүздө жарык өчүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле билдирүүнү WhatsApp аркылуу жазсаңыз болот: 0777 902-115, 0702 805-756.

"Бишкекжарык"муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!