Бүгүн таң эрте мэрдин милдет акаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  жетекчилери менен Кожевенная көчөсүндөгү «Дордой» муниципалдык базарынын аймагын текшерип чыгышты.

Бүгүнкү күндө бул жерде 76 күркө (жалпы аянты 1.850 чарчы метр), 14 жүк сактоочу жай  (1.589,5 чарчы метр) жана электр өткөргүч линияларынын аймагында 40 күркө жайгашкан. Бул объекттер КР Өкмөтүнө караштуу  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын буйругу менен түрттүрүлүп, иретке келтирилиши керек.

Балбак Түлөбаев «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистерине  жагымдуу шарттарын түзүү менен заманбап муниципалдык базардын долбоорун  иштеп  чыгуу жана электр берүүчү аймагына караштуу жер участогунда унаа токтотуучу жайды уюштурганга мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Текшерүүлөр улантылып жатат...