Борбор калаада 1941-жылдагы 40- аткычтар бригадасынын жоокерлери эскерилди.
Кыргызстандын "Наша Победа- Биздин Жеңиш" издөө кыймылы, эл аралык издөө жана изилдөө тобу менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин элесин бир мүнөт унчукпай эскеришип, 40-аткычтар бригадасынын мемориалына гүл коюшту.
Биз №24 мектептебинде Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москваны коргоо үчүн согушкан 40- аткычтар бригадасынын курсанттарын эскерүү үчүн онлайн конференция өткөрдүк.
Согуш жолу, туугандарын издөө, мемориалдык тактага ысымдарды киргизүү боюнча маселелерди талкууладык.
Белгилей кетсек, 40-аткычтар бригадасы 1941-жылдын октябрь-ноябрь айларында Фрунзе шаарында (Бишкек) түзүлгөн, штаб №24 мектепте жайгашкан. Бригада Волоколамск аймагын фашисттерден бошотуу учурундагы салгылашууларга, Москванын алдында советтик аскерлердин каршы чабуулуна катышкан.