Борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында  мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин вице-мэрлердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын башчыларынын катышуусунда кезектеги пландык жыйыны өткөрүлдү.

Биринчи кезекте мэрдин милдетин аткаруучу муниципалитеттин приоритеттүү маселелерине көңүл бурду.

Б.Түлѳбаев мэриянын транспорттук блогуна укуктук талаа жана регламентке ылайык,  жеке кичи автобустарда жүрүү тарифтерин этап-этабы менен көтөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Эске салсак, долбоор экспертизадан өтүп, тиешелүү органдардагы жөнгө салуучу таасирдин анализинен өтүп, адистештирилген комиссиянын корутундусун алышы керек, эң маанилүү маселе шаардыктар тарабынан коомдук талкууда каралышы керек.

Ошондой эле, Б.Түлөбаев 2019-жылы кабыл алынган деталдуу пландаштыруу планын жокко чыгаруу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешине кат жолдой тургандыгын билдирди.

Техникалык документ шаардыктардын, көзкарандысыз адистердин суранычтарын эске алуу менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүлөт.
Мэрдин милдет акаруучу Бишкек шаарынын мэриясы жарандар үчүн ар дайым ачык, талкуу жүргүзүү, каталар менен иштөө - бардыгы жалаң борбор калаанын жашоочуларынын кызыкчылыгында экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Б.Түлѳбаев "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына  шаарга жеңил курулуш объекттерин орнотуу үчүн жер тилкелерине шаар куруу жыйынтыктарын берүүнү токтотууну тапшырды.
Жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулуна бир айдын ичинде жер тилкелеринин документтерин даярдап, электрондук аукционго коюу тапшырылды.

Бул чара коррупциялык айла-амалдарды жоюуга, бардык процедураны ачык-айкын жана акыйкат жүргүзүүгө, ошондой эле шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Борбор калаадагы экологиялык кырдаал жөнүндө мэрдин милдетин аткаруучу мүмкүн болушунча күйүүчү майдын альтернативдүү түрү газга өтүүнү тапшырды.