Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн орус тилдүү (башка улуттагы) кызматкерлери үчүн өткөрүп жаткан “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” окуу курсун жыйынтыктады. Окуу курстун аягында катышуучулар оозеки жана жазуу жүзүндө сынактарды тапшырышты.

Окуу курсу онлайн жана офлайн форматтарда өткөрүлдү.