Борбор калаада эпидемиологиялык абал бираз турукташып,  18-январдан тартып  1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары офлайн режиминде билим алып баштады.

Биринчи күнү 53,5 миңден ашуун окуучу мектепке барды, бул класстардын 3,680 окуучусу онлайн режиминде билим алууну улантууда.

6 миңден ашуун мугалимдер сабактардын жүгүртмөсүнө  ылайык кадимки жана дистанциондук режимде сабак өтүштү.

Бүгүнкү күндө бардык 97 мектеп жана 87 бала бакчалар жетиштүү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болушкан, билим берүү башкармалыгынан коргоочу каражаттарды сатып алууга 6,8 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

380 даана контактсыз термометр, дезинфекциялоочу жерге салган килемдер, 6,680 даана суюк, бактерияга каршы самын (сыйымдуулугу 0,5 мл), 1,460 даана тазалоочу каражаттар сыйымдуулугу 5 литр болгон, дааратканаларды тазалоо үчүн 292 дезинфекциялоочу каражаттары (сыйымдуулугу 1,5 литр),  1460 даана хлор камтыган каражат даярдалды.

Бул каражат райондук билим берүү борборлоруна бирдей бөлүштүрүлдү.
Белгилей кетүүчү нерсе, бардык билим берүү мекемелери бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сакташат, кире бериш жерлерге кирүүчү чыпкалар уюштурулган: дезинфекциялоочу килемчелер, мектептин дайындалган кызматкерлери балдардын температурасын өлчөйт, ден-соолук журналдарын ар бир класс үчүн өзүнчө жүргүзүшөт. Коридорлорго жана класстарга тазалоочу каражаттар орнотулган, эпидемиологияга каршы талаптарды эске алуу менен сабактын графиги түзүлүп, балдар эки нөөмөттө билим алышат.

Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Класс жетекчилер ата-энелерден баласына кошумча бет кап, жекече антисептик менен камсыздап  берүүнү суранышы мүмкүн, коомдук транспортто жүргөндө адамдар менен байланышкандан кийин окуучу бет кабын алмаштыруусу зарыл.

Ошондой эле, билим берүү мекемелеринде акча каражат чогултууга таптакыр тыюу салынгандыгын эскертебиз!

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы чыр-чатактуу кырдаалды болтурбоо үчүн, "Билим берүү уюмдарында акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө" №710 буйрукка ылайык, борбор калаанын билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, педагогикалык жамаатына жоопкерчилик жөнүндө эскертет.