Турак –жай коммуналдык чарба боюнча калаанын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамаатына жаңы башкы инженер Миназаров Конокбай Мукашовичти тааныштырды.

Конокбай Мукашович жол-курулуш тармагында 1995-жылдан бери иштеп, жөнөкөй мастерден баштаган. 2010-жылдан 2019-жылга чейин «Жол сыноо лабораториясы» муниципалдык ишканасын жетектеген.

Дайындоолор боюнча буйрукка калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.