Бишкек шаарынын мэриясы муниципалитеттин базасында учурдагы мыйзамдардын чегинде мэрдин милдетин аткаруучу жана вице-мэрлер тарабынан жасалган отчеттор боюнча коомдук талкууларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жолугушуу аянтчасын  уюштурууну сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы жана анын кызматкерлери  Бишкек шаардык кеңешине отчет берип,  көзөмөлгө алынат, өз кезегинде, Бишкек шаардык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

Буга ылайык, Бишкек шаарынын мэрин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жашыруун добуш берүү менен шаардык парламентти чакыруу мөөнөтүндѳ  шайлашат. Ал эми мэрдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын компетенциясына кирет.

Ошондой эле, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, вице-мэрлер, административдик райондордун башчылары, шаардын жашоосун камсыз кылган муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери Бишкек шаарынын мэри дайындай тургандыгын белгилейбиз.
Бирок, 2020-жылдын 2-декабрында шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шааардык кенешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизишти, ага ылайык, Бишкек шаарынын мэри вице-мэрлерди дайындоо жана шаардык кызматтардын башка жетекчилерин дайындоо үчүн макулдук берүү үчүн талапкерди Бишкек шаардык кенешинин сессиясынын кароосуна сунуш кылат.

Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-пунктуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби ушул шаарлардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдары менен белгиленет.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 10-бөлүгүндө Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери вице-мэрлерди жана шаар мэрияларынын райондук администрация башчыларын ушул шаарлардын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык дайындап жаткандыгы белгиленген.

Башкача айтканда, вице-мэрлерди, административдик райондордун башчыларын, шаардын жашоосун камсыз кылган муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындоодо жергиликтүү кеңештин макулдугун алуу жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы колдонулбайт (31-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту

Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын прокуратурасына Бишкек шаардык кенешинин кабыл алынган токтомуна укуктук баа берүү жөнүндө кат жөнөттү.

Борбордун прокуратурасынан билдиришкендей, биздин өтүнүч каралып жатат, жооп 2021-жылдын 8-февралына чейин болот.