Бүгүн борбор калаанын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев күз-кыш мезгилинин жүрүшүн көзөмөлдөп, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын №21 мектеп-интернаты жана  "Факел" от казандарынын абалын текшерди.

"Факел" от казаны "Газ шаарчасы" конушунда жайгашкан, 1526 адам жашаган 35 көп кабаттуу турак үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Бул жерде 1983-жылы эки ТВГ 4-Р буу казаны орнотулуп, пайдаланууга берилген. Буга чейин алар учурдагы жана капиталдык ремонттун натыйжасында эксплуатацияланып, буу казандарынын жана газ түтүктөрүнүн катмары жаңыланып, тышкы беттери  тазаланган. Жыл сайын текшерүүлөр жана гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт.

Учурда от казандарынын жылуулук  көрсөткүчтөрү бир кыйла төмөндөдү, буга байланыштуу “Факел” от казанын модернизациялоо маселеси келип чыгууда.

№21 мектеп-интернатындагы от казан бул угуусу начар жана кийин укпай калагандар үчүн билим берүү уюмуна жылуулук берет. 2020-жылы  "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен көмүр от казаны жаратылыш газына өткөрүлдү.

Вице-мэр "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын  адистерине тез арада калган 22 көмүр от казанын отундун альтернативдик түрүнө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Ж.Ырсалиев “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын  бирдиктүү маалымат кызматынын - 1533 колл-борборунун салтанаттуу ачылышына катышты.

1533 кыска номери суу чарба ишканасына баш ийген ишканаларынын сегиз башкаруу бөлмөлөрүнүн   кызматын бириктирди, эми шаардыктарга ар башка номерлерге чалуунун кажети жок.

Бирдиктүү маалымат борбору күнү-түнү тынымсыз, дем алыш жана майрам күндөрү иштейт. Операторлор абоненттердин арыздарын жана даттанууларын кабыл алышат, маалымат жана консультациялык кызматтарды көрсөтүшөт.

Колл-борборду жайгаштыруу үчүн былтыр жаңы имарат тургузуу чечими кабыл алынып, курулуш 5 айдын ичинде жүргүзүлгөн. Бардык курулуш-монтаждоо иштери “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү, бүгүнкү күндө оңдоо жана куруу иштери толугу менен бүткөрүлүп, имарат пайдаланууга берилди.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздерде суу менен камсыз кылуу маселеси келип чыкса, анда биздин бирдиктүү санариптик "суу менен камсыздоо" борборубузга чалууңуздар керек - 1533.