Шаар өз ишин улантууда. Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев МАБдардын жана райондун кызматкерлери менен биргеликте районду комплекстүү жакшыртуу маселелери боюнча "Ала-Тоо", "Ак-Ордо" жана "Ак-Өргөө"  жаңы конуштарын текшерип чыгышты.

"Ала-Тоо" конушуна канализация жана суу түтүктөрүн куруу маселесин талкууладык.

Ак-Өргө турак жай конушунун жашоочулары Өмүракунов көчөсү менен Өмүр көчөсүн бойлой тротуар курууну, Арабаев көчөсүнүн Ашар көчөсүнөн Алтын Казык көчөсүнө чейин темир-бетон тирөөчтөрүн орнотууну суранышты.

Ак-Ордо конушунда Какен-Апа көчөсүнүн боюна темир-бетон тирөөчтөрүн орнотуу, Калыгул Бай уулу көчөсүн бойлой ирригациялык тармак куруу, Алай жана Торугарт көчөлөрүн бойлой суу түтүктөрүн орнотуу, ошондой эле Тагай Бий менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык.

Офлайн режиминде билим берүүнү кайра баштоо менен аким Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин жана Ала-Тоо конушундагы №82 мектептин даярдыгын текшерип, район башчысы мектеп ашканаларында ысык тамак уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин байланыш борборуна күнү-түнү: 1840 жана 1850 номерлери аркылуу  байланышып, көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн  0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Биз ар дайым байланыштабыз! Ленин районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https: //www.facebook.com/Leninadm