Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алып,  көзөмөлдөп турат.

Шаар тургуну бизге Учкун конушундагы чек ара тилкесине үч кабаттуу үйдүн курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылды.

"Бишкекбашкыархитектура" МИнин, борбордук мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери дароо  жерине барып текшеришти.

Бул объектини курууга эч кандай уруксат берилбегени белгилүү болду. Тиешелүү мыйзам бузуу актысы түзүлгөн, курулушту көзөмөлдөгөн шаардык кызматтар деталдуу иликтөөнү башташты.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сизден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.