Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында, Октябрь районунун башчысынын орун басары Акматбаев Таалайбек Таберикович ротация тартибинде Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.