Мэриянын жыйындар залында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин куруучулар штабынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрүлүп, 1999-жылдын 16-июнуна чейинки жана кийинки курулган үйлөрдүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелери талкууланды.

Жолугушууга жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу, райондордун башчылары, шаардык кызматтардын жетекчилери катышышты.

Вице-мэр А.Сагындык уулуна 1999-жылдын 16-июнунан кийин өз ыктыяры менен курулган жеке турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселесин укуктук жөнгө салуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчылары менен биргеликте борбор калаанын конуштарынын схемаларын инвентаризациялоону аяктоо, жер тилкелерин легалдаштыруу жана Бугу-Эне-Багыш турак жай массивинин жашоочуларынын үйлөрүн электр жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын календардык (этап-этабы) планын иштеп чыгуу жана тапшыруу керек.

Борбор калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри Азиз Алымкуловго Бугу-Эне-Багыш конушуна жаңы каттам линиясын киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Иштин жыйынтыгы боюнча кийинки жолугушуу 10 күндөн кийин өткөрүлөт.