Шаар өз ишин улантууда. «Тулпар» накталай эмес төлөм системасы толугу менен муниципалдык коомдук транспортто иштеп жатат.

Шаардык кызматтын кызматкерлери дагы «Тулпар» карталарына өтүшүүдө.

Биздин "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын 200гө жакын эмгекчил кызматкерине "Тулпар" стандарттык көк карталары берилди.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер буга чейин коомдук транспортто накталай эмес эсептешүүгө өтүүнү чечкен болсоңуздар, анда уюлдук операторлордун, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен жана автобустар менен троллейбустардын айдоочуларынан көк карталарды сатып алсаңыздар болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт (биринчи сапар үчүн төлөөгө 8 сом калдык менен).

Накталай эмес төлөмдүн артыкчылыктары айдан ачык: коопсуздук, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы накталай акча менен байланыш жок.