Биринчи май районунун акиминин жетекчилиги менен Кулатов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү. Жолугушууга шаардын жер, курулуш жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Биз Байтик Баатыр жана Каракуль көчөлөрүнүн бөлүмүн текшерип чыктык. Ал жерде Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоордун алкагында  жолдун реконструкциясы күтүлүп жатат.  

Көчмө жыйында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынына жашыл көчөттөргө  инвентаризация өткөрүү тапшырылды.

Шаардык мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына, капиталдык курулуш башкармалыгына №12 муниципалдык аймактык башкармалыгы менен биргеликте №5 кесиптик лицейдин жанындагы объекттердин демонтажы боюнча билдирүү берүү тапшырылды.  

Жер ресурстар башкармалыгына «ЮГ-2» кичи районундагы №14 үйдүн жанындагы жеңилдетилген типтеги объекттилерди кайра жайгаштыруу же келишимди токтотуу маселесин карап чыгууга буйрук берилди.  

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК ушул участокто жылуулук тармагын жер астындагы жол менен өткөрүү сунушталды. Иштер күз-кыш мезгили бүткөндө башталат.

«Түндүкэлектр» ААК жана Бишкек шаардык телефон тармагы эски жыгач түркүктөрдү алып, асылып турган электр чубалгыларын оңдоо иштери башталганга чейин иретке келтирүүлөрү керек.

Андан тышкары аким «Бишкекгаз» филиалын Кулатов көчөсүндөгү №43 үйдүн маңдайындагы жолдун реконструкциясына туш болгон газопроводдорду көчүрүп же демонтаж кылуусун суранды.

Бул багыттагы көчмө жыйындар улантылып жатат.