Урматтуу ата-энелер! 18 – январдан баштап 1, 5, 9, жана 11 -класстар үчүн шаардык мектептер иштеп баштады.

Окуу жайлардын администрациялары  жана шаардык билим берүү башкармалыгы коронавирус пандемиясынын шарттарында санитардык нормалар менен коопсуздук үчүн бардык чараларды көрүштү.

Тилекке каршы,  сөзсүз текшерүү иш- чарасында  эки мектепте балдар COVID-19 менен ооруп жатканы аныкталды. Кийин белгилүү болгондой, эки үй-бүлөдө коронавирстук инфекция жуккан учурлар болгон экен.

Бактыга жараша, бардык коопсуздук чаралар аткарылды, окуу жайлардын кырдаалы көзөмөлгө алынды.

Урматуу ата – энелер! Эгерде сиздин үй-бүлөдө коронавирустук инфекция менен ооруган же азыркы учурда ооруп жаткан болсо, сураныч, ПЧР – тесттерди өтүңүз. Сиздин балаңыз вирусту ташуучу эместигине ынаныңыз. Сөзсүз ал жөнүндө мектептин администрациясына, класс жектекчисине кабарлаңыз. Бардык текшерүүлөрдөн өтүп, анализдерди тапшыргандан кийин гана баланы мектепке жибериңиз.

Урматтуу шаар тургундары!  Канчалык кыйын кырдаалга кабылганыңызды түшүнөбүз,  бирок сиздердин бул маселеге жоопкерчилик мамиленизден мугалимдердин, башка окуучулардын, алардын туугандарынын жана жакындарынын жашоосу жана ден-соолугу көз каранды.  

Белгилей кетсек, коронавирустук инфекциясына жол бербөө алгоритми боюнча ал балдар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлөт, эки жуманын ичинде врачтардын көзөмөлүндө болушат. Аларга сабак берген мугалимдер ПЧР – анализдерди тапшырганы жиберилишет.