Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев шаардык кызматтардын башчылары менен биргеликте Арча-Бешик конушунун жашоочулары менен жолугушту.

Шаардыктар коомдук транспорттун ишине нааразы болушуп, инженердик жана ирригациялык тармактар, үйлөрдү газдаштыруу жана жаратылыш газына болгон тарифтер, жолдорду оңдоо жана жол белгилерин жаңылоо, көчөлөргө жарык орнотуу маселелерин көтөрүштү.

Тургундардын бири вице-мэрден Муромская көчөсүндөгү башаламан соода түйүндөрүн жоюуну суранды.

Ж.Ырсалиев Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына жерди текшерип, тез арада тиешелүү жумуштарды жүргүзүүнү тапшырды.
Канализациялык түтүктөрдү орнотуу жана баланска кабыл алуу боюнча кайрылууну «Бишкесууканал» башкармалыгы карап чыгып, мүмкүн болушунча шаардыктардын көйгөйлөрүн чечип берет.

Ошондой эле, турак жай конушунун жашоочулары вице-мэрге коомдук транспорттун жоктугу, айрым кичи автобустардын жол каттамдары шаар тургундары муктаждыгына жараша жайгаштырылбагандыгы жөнүндө маалымдашты. Шаардык транспорт башкармалыгы бул маселени карап чыгуу тапшырылды.

Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча, быйылкы жылы «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы 400 чыракты  орнотуу пландаштырууда. Жарык жок көчөлөрдүн бардыгы пландын негизинде жарыктандырылат.

Күн жылыгандан тартып «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол белгилерин жаңылоону башташат.

Белгилей кетсек,  турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр шаардыктар менен ар дайым байланышта болуп, көптөгөн маселелерди жеринде чечип, шаарды жакшыртууга катышат.

Маалымат үчүн: "Арча-Бешик" конушу 1996-жылы негизделген, анда 32 434 адам жашайт.