Ленин акимиатында КР ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн, райондун муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин жана  №1 МАБдын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда, жаштар арасындагы баңги колдонууну алдын алуу боюнча  атайын аянтча уюштурурулду.  

Иш жолугушуунун эң башкы тапшырмасы – жаштар арасындагы интернет, жарнамалар жана дубалдагы жазуулар аркылуу баңгизаттын жайылуусун токтотуу.

Райондук кызматтарга, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына баңгизатты жайылтуу жарнамаларын аныктап жана жок кылуу профилактикалык иш – чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди.