Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев райондук кызматтар менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүп, Ч.Айтматов проспектисинин Ахунбаев кѳчѳсүнѳн Ж.Жолу проспектисине чейинки бөлүгүн  текшерип  чыкты.

Аким тротуарлардын, таман таштардын, таштанды челектеринин, сугат тармактарынын, траншеялардын жана жарыктандыруунун абалын, ошондой эле  баннерлерди, жарнамалык курулуштарды, тосмолордогу жазууларды текшерди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына санитардык бутоо жана бош жерлерге дарактарды отургузуу, авариялык бактарды кыюу тапшырмасы берилди.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдүн жарыктандыруу  түркүктөрүн сырдап, велосипед жолунун жарык берүүчү түркүлѳрүн жанындагы траншеяны тегиздеши керек.

Бишкек шаардык телефон тармагына щиттерди сырдоону сунуштады.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин байланыш борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу күнү-түнү кайрыла аласыз жана көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн  0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.