25-январда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык жыйыны өткөрүлдү.

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева мэриянын социалдык блогунун аткарылган иштери жана пландары жөнүндө айтып берди.

Социалдык блоктун жылдык бюджети төрт миллиарддан ашык сомду түзөт, ага: социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, ошондой эле дене тарбия жана спорт кирет.

Мэрдин милдетин аткаруучу  борбор калаада тоголок  жетим балдар үчүн көп кабаттуу үй куруу пландалып жаткандыгын айтты. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына   каттоого  алынган балдардын, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесин даярдоо тапшырылды.

Б.Түлөбаев  «Бишкекжарнама» муниципалдык ишканасынын  базасынын аймагында туруктуу жашаган жери жок адамдарды колдоо үчүн 200 орундуу үй курула тургандыгын белгиледи.

Биринчи вице-мэр А.Бакетаевге шаардык бюджеттен каражат табуу же донорлор менен маселени иштеп чыгуу тапшырылды.
Эске сала кетсек, кыш мезгилинде борбор калаанын ар бир районунда селсаяктар үчүн убактылуу  баш калкалоочу жайлар иштейт.

Балдардын коопсуздугу үчүн вице-мэр А.Чыныбаевага шаардык кызматтар менен биргеликте мектеп автобустарынын өзүнчө линиясын чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

А.Чыныбаева 2021-жылга карата негизги багыттарга: социалдык кызматтарды санариптештирүү, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, МЖӨ алкагында билим берүү мекемелеринин потенциалын жогорулатуу, саламаттыкты сактоо мекемелерин куруу жана китепкана тутумун реформалоо кирерин белгиледи.