Борбор калаадагы чоң базарлардын айланасындагы  стихиялуу соода менен узак күрөшкө карабастан бул маселе азыркы күнгө чейин актуалдуу.

Шаардыктардан кээ бир кызмат адамдарына, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз стихиялык соода жагынан өзүнүн колдоочулугу үчүн акча каражаттарын алып жатышат деген арыз түшүп жатат. Бул фактылар: Ош, Аламедин жана Ортосай базарлардын айланасында болуп жатат.

Бул абал менен пайдаланып ар кандай саясий топтор борбордогу кырдаалдын туруксуздугуна шек келтирүүгө аракет кылышы ыктымал.

Ага байланыштуу  шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев КР  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттине текшерүү өткөрүү үчүн кат жөнөттү.

Белгилей кетсек, стихиялуу соода менен күрөш шаар боюнча күчөтүлөт.