Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев МАБдын кызматкерлери менен биргеликте кварталдарды комплекстүү жакшыртуу маселеси боюнча "Алтын-Ордо", "Көк-Жар" конуштарын кыдырып чыкты.

Октябрь районунун тургундары  Алтын-Ордо-8 көчөсүндөгү топурактан жана ылайдан нааразы болушкан, бул жерде газ түтүктөрүн тартуу учурунда траншеялар казылган. Так ушул тапта «Империал»  бөдрөтчү  компаниясы казылган жерлерди  толтуруп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле “Көк-Жар” конушундагы Көк-Жайык көчөсүн бойлой сугат тармактарын калыбына келтирүү маселеси талкууланды. Акимдин тапшырмасы менен сугат арыктары иретке келтирилет.

Район башчысы “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын ишке ашырылышы менен таанышты. Быйыл Жукеев-Пудовкин, М.Койбагаров, К.Жантөшев көчөлөрүн реконструкциялоо жана Сухэ-Батор көчөсүн улантуу каралып, кызыл сызыктар, көчөлөрдүн кесилиштери  жана унаа жолдору аныкталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жолдорду курууга тоскоол болгон чарбалык объектилерди инвентаризациялоону жүргүзүп жатат.

Жыйынтыгында шаардык кызматтарга санитардык тазалоо, районду  жана короо аралык аймактарды көрктөндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Акимдин бул багыттагы текшерүүлөрү  улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин колл- борборуна күнү-түнү1840 жана 1850 номери аркылуу байланышсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун  0554 182185 номерине жөнөтүңүздөр.
Биз ар дайым байланыштабыз! Октябрь районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/orabishkek