Мэрия борбор калаада инклюзивдик билим берүүнү уюштуруу боюнча ишин улантууда.

Декабрдын башында борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жана билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева,  “Downside Up” фондусунун  негиздөөчүсү жана уюштуруучусу Вероник Гаррет менен жолугушту. Андан кийин биз өзгөчө Балдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн кылдаттыктарын талкууладык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, мугалимдер менен иштөө тажрыйбабыз менен бөлүшүп, билим берүү шарттарын жакшыртуу боюнча биргелешкен жолугушууларды өткөрүүнү макулдаштык.

Жакында Вероник Гаррет менен биргеликте №30 атайын көмөкчү мектептеги окуу процессин текшерип, орус тили, моделдөө, дене тарбия, слесарь, жыгач уста жана тигүүчүлүк сабактарына баа бердик.

Көмөкчү мектептердин окуучулары үчүн билим сапатын жогорулатуу алгоритми бир нече этапта жүзөгө ашырылат:

• Ата-энелер жана мугалимдер үчүн тренингдерди өткөрүү;

• Сабактар боюнча окутуу  семинарларына катышуу;

• Камкорчулар кеңешин уюштуруу;

• Даун синдрому бар балдар үчүн реабилитациялык борборду уюштуруу;

• Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу  үчүн окуу курстарын уюштуруу.

Белгилей кетсек, борбор калаада өзгөчө бишкектиктер үчүн 3 атайын мектеп, 11 адистештирилген бала бакча бар, ошондой эле 36 түзөтүү класстары түзүлгөн.