Жаш шаардыктар борбор калааны жакшыртууга жигердүү катышууда.

“Балдарга жана жаштарга жагымдуу шаар” демилгесин жайылтуу үчүн  “Тэкайым” коомдук фонду,    AFEW Кыргызстан жана Youth of Osh БУУнун ЮНИСЕФ Балдар Фондусунун техникалык колдоосу жана БУУнун Тынчтык куруу Фондусунун каржылоосу менен социалдык мааниге ээ долбоорлорду башташууда.

Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушуп, аким шаардык жана райондук  кызматтар кызматташуу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн ачык экендигин белгиледи.

Биринчи долбоордун алкагында өспүрүмдөр UPSHIFT программасынын алкагында атайын окуудан өтүшөт, натыйжада көйгөйлөрдү чечүүдө өзүлөрүнүн инновациялык чечимдери иштелип чыгып, мыкты идеялар ишке ашырууга каражат алышат.
"Жаратман Жаштар" экинчи долбооруна ылайык, жаштар борборунда коопсуз мейкиндик уюштурулуп, анда ар бир жаш шаар тургуну акысыз психологиялык консультацияларды алып жана билим берүү тренингдерине катыша алышат.

TechKyzdar долбоорунун алкагында балдар санариптик көндүмдөрдү гана үйрөнбөстөн, лидерлик, команда менен иштөө жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн өзүлөрүнүн стартаптарын түзүү боюнча чоң тажрыйбага ээ болушат.